Кыргыздын миграция боюнча мамлекеттик кызматынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жооптуу адамдарына кылмыш иши ачылды. Башкы прокуратуранын 15-ноябрдагы маалыматына таянсак, мекеменин өкүлдөрү кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланууга күнөөлөнүп жатат.
Башкы прокуратура жүргүзгөн текшерүүдө булар аныкталган:
2016-жылы өкүлчүлүктүн жооптуу кызматкерлери Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар" жана башка мыйзамдарын бузуу менен Toyota Land Cruiser жана Toyota Corolla үлгүсүндө 2 автоунаа сатып алышкан. 2 автоунаа үчүн 5 миллион 219 миӊ сом жумшалган. Сатып алуу тендерсиз, түз келишим түзүү аркылуу жасалганы үчүн өкүлчүлүк кызматкерлери айыпталууда.
Кылмыш ишинин материалдары Кыргыз өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилген.