"Аксыда кайненеси менен чогуу өлүү табылган келиндин артында 2 кичинекей баласы калды" дейт айылдашы

Аксы районундагы Авлетим айыл аймагынын Коргон айылында кайненеси менен чогуу жансыз денеси табылган келиндин артында 2 кичинекей баласы калды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына каза болгондордун айылдашы билдирди.

"Окуя болгон түнү үйдө каза болгон келин, кайненеси, кайын сиңдиси жана эки кичине баласы болгон. Келини менен кайненеси үйдүн ичинде өлтүрүлгөн. Ооруканада комада жаткан кызды окуянын күбөлөрү эшиктин алдынан табышыптыр. Мен алардын денелерин көрдүм баштарына туюк нерсе менен чапкан жана денелеринде электрошокердин да издери бар. Ооруканада жаткан кызга бычак да сайышыптыр. Окуя тууралуу алгач кошунасы билиптир. Ал 14-ноябрда коңшусунун эки кичинекей баласы тынбай ыйлап жатканын угуп үйүнө кирип барып анан кандуу окуя тууралуу милицияга кабар бериптир", - дейт каза болгон келиндин айылдашы.

Андан сырткары ал кылмышкерден жапа чеккен айылдаштары тоноо максатында эмес, башка себеп менен өлтүрүлгөн болушу мүмкүн деп ойлоп жаткандыгын, анткени алардын тоной турган деле байлыгы жок экенин айтты.

Ошондой эле ал каза болгон аял келини, кызы жана 2 кичинекей небереси менен чогуу жашагандыгын, күйөөсү мурда эле каза болуп, уулу шаарда иштеп жүргөндүгүн кабарлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Ma9
2017-11-16 19:34:09
Ким болду экен акмак мээсинен айныган эки баланы жетим кылып бир адамды оруукчан кылып кону олтуруп кантип жашап жатасын
+13
Krai
2017-11-16 19:38:31
Атууга окум чыгарыш керек атууга
+21
fora
2017-11-16 19:47:55
Алардын уйундо эркек адам жок бекен
+1
dobrajelatel
2017-11-16 20:05:15
Кээ бир маалматка караганда кыздын жигитти экен. Кыз-жигиттин ортосунда келишпоочулук чыгып, женеси чечууго аракет кылган. Бирок чечише алган эмес. Андан сон жогорудагыдай кадамга барган жигит. Келин ушул жылы экинчи наристесин жарык дуйного алып келген.
0
Pandora
2017-11-16 23:18:19
dobrajelatel,

Менде дагы ошол тируу калган кыздын куйоосунон кумон санап жатам
0
Bulak25
2017-11-16 21:20:26
Супер ушул уй було жонундо дагы жазып тургулачы? Зоокур кармалганын билип койолу.
+9
Totyua.71.
2017-11-16 21:20:44
Жашоо эмне болуп баратат?КЫРСЫК,КЫЛМЫШ,УРУУЛУК,КИШИ ОЛТУРУУ
жаман кабарлар кобойду....Кудай сактасын!
+1
gulmira96
2017-11-16 21:29:54
Кыздын 5 айлык боюнда болсо кайдагы жигити бойдок кыз эмес экен ал.
+6
Pandora
2017-11-16 23:19:23
gulmira96, Балким куйоосудур ошону менен таарынышып уйго келген чыгаар,артынан куйоосу келсе аралашкандыр уйундогулор
+1
Bektur.osh
2017-11-16 23:01:51
динсиздиктин айынан...
-1
aliakg90
2017-11-16 23:04:05
Кичине балдар омур бою эсинен чыгара албай кыйналат, жакшылап психологиялык жактан жардам беруу керек. Куноолуу жазасын алсын!
+1
Arlenchik
2017-11-16 23:06:59
Акмакты таап жонле атууга окум чыгарбастан кыйноо мн олум жазасына тартыш керек, ушунчалык да журогу таш болобу макулук, эки баланын убалы уктатпай азап жеп озунун олумун тилеп калсын акмак десе!
+2
Aiperi.edil
2017-11-17 04:48:50
Ооба аябай жаман болду. Олгон келин менин классташым эле болгону 25 жашта эле. Кече саат 11 де жерге берилди. Кызы болгону 5 айлык эле. Угуп алып аябай жаман болдук. Кайынсиндисинин боюнда болуп калат экен жигитинен анан катту урушуп кетишип жигити 4 досу менен кирип 3 тен олтурушот. Бирок кайын синдисо олбой калат экее. Азыр 2 сун кармаптыр 2сун издеп жатышыптыр. 4 тен таабып кыйнап колу бутун сындырып олтуруп салышса экен.
+1
Gupa
2017-11-17 17:04:24
Aiperi.edil, ушунун баарын (кантип, эмне болуп боюнда болгонун) жазып салуунун зарылдыгы бар беле? Ал айылдагы ар кимдин ою айтылып, анан тараган ушак да. Эч ким көргөн жок да кылмышкер менен жабырлангандардан башка. Кызы 3 айлык, классташыңдын. Аябай ичим ачышып, анан ушуга окшогон маалыматтарды таратып жаткандарга бир чети жиним келип кетип жатат, күйөөсүнүн абалын ойлоп койгула, окуп калса...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан