Казакстандын эл аралык издөөдө жүргөн жараны Ысык-Көл облусунан кармалды

Эл аралык издөөдө жүргөн Казакстандын жараны Ысык-Көл облусунан кармалды. Мындай маалыматты облустук Ички иштер министрлигинен бүгүн билдиришти.

"ИИМдин кызматкерлерине "Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылынын жогору жагында жайгашкан кашарда эл аралык издөөдө жүргөн Казакстан Республикасынын жарандары жашынып жүрөт" деген ыкчам маалымат түшкөн.
Аталган маалымат боюнча милиция кызматкерлери иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгында кашар Чок-Тал айылынын 38 жаштагы тургунуна тиешелүү экени аныкталган. Кашарды текшерген учурда Казак жаза процессуалдык кодексинин 99-беренеси (адам өлтүрүү) менен айыпталып эл аралык издөөдө жүргөн 36 жаштагы С.Жорабек кармалган. Анын кийимдерин жана буюмдарын текшергенде, андан "Макаров" тапанчасына тиешелүү болгон 7 даана ок табылган.
Ошол эле кашардан Казакстандын дагы эки жараны, 29 жаштагы У.Давлет менен 25 жаштагы Е.Нуртаз кармалып, алардан 12 даана "АКМ" автоматынын октору жана 45 грамм марихуана баңгизаты табылган. Ал эми кашардын ээсинен болсо 12 жана 16 калибрдүү ок атуучу куралдардын атылган октору алынды", - деп билдирет аталган кызмат.
Казак жарандары Ысык-Көл РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, чогултулган материалдар райондук милициянын тергөө кызматына юридикалык баа берүү үчүн өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
janat.kg
2017-11-17 10:39:22
Урматуу супер админ эмне учун башка орусча сайтарда жанылыктар коп нускалуу чыгат. Аларга чыкан жанылыктар сиздергеда кыргызчасы чыгышы керек эле. Мисалы коптон бери Бишкек шаардык тралебус компанясы Бишкектин ичиндеги машруттук уналарды алып салгыла деп кол топтоп журот экен. Кол топтоонун саны 3000 минге жетиптир. Дагыда жанылык Нурсултан Назарбаев кыргыз окмотуно жооп берди деген макала чыгыптыр. Ушуга окшогон маанилуу жанылыктар эмнеге сиздерге чыкпайт?
+10
akonia
2017-11-17 19:18:12
janat.kg,урматтуу janat.kg создорду тура жазсаныз мисалы сайттарда чыккан троллейбус Жана компания болуп жазылат кечиресиз
0
Eksvp_1
2017-11-17 11:09:30
Ха ха оппозиционерлер
-1
admin_superstan
2017-11-17 12:06:05
gute, murat17, Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан