Шыкмаматовдун сотундагы негизги күбө: "Соттолуучуга карата жалган көрсөтмө бер, болбосо камап коёбуз деп коркутушкан"

Бүгүн, 17-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши каралып жатат. Отурумдун жүрүшүндө айыпталуучулардын бири, мурдагы Эсеп палатасынын аудитору Жусуп Иманалиев негизги күбө, “Барат Люкс” ишканасынын жетекчиси Али Юксел мурда ага каршы жалган көрсөтмө бергенин айтты. Юксел аны моюнуна алды.

“Юксел азыр көрсөтмө берип жатып "тергөөчү Бараканов мени алдап кетти" деп айтты. Буга чейин сиз мага каршы жалган көрсөтмө бергенде мен сизге "өзүң казган орго өзүң түшпө" деп айттым эле, демек, сизди да алдап кетип, азыр чындыкты айтып жатасызбы?” - деди.

Ага жооп кылып Юксел аны камап коёбуз деп коркутуп, ал мажбур болгонун айтты.

“Мага кысым жасалып, мыйзамсыз аракеттер көрүлгөн. Андай кысымдар кандай болорун жакшы билсеңиз керек. Бараканов менин аларга керегим жок экенин, бир гана Шыкмаматов керек экенин, бул иште саясий боёк бар экенин айтты”, - деди Юксел.

Ошондой эле тергөөчү Бараканов аны жактоочусунун көзүнчө "камап коём" деп коркутуп жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлаганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Шыкмаматов "жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген" деп айыпталууда. Шыкмаматов өзү бул ишти "саясий кысым" деп келет. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
RusMos76
2017-11-17 13:05:08
Качан бутот деги саясий кысым!!!
+5
gute
2017-11-17 13:12:19
Чукушуп отуруп аягы эмне болот экенбиз
+4
KUBI
2017-11-17 13:20:24
Чукуса баары эле камалат. Шыкмаматовду камаганда жыйынтык жок.
+4
abusait
2017-11-17 13:31:43
Ушу соз тандабастын акыркы кундору эч бутпой койдуго.. . Ошол киши кетсе эле баары ордуна келчудой сезилип жатат мага.
+4
Дарыгер
2017-11-17 13:54:19
abusait, кетсе кудай өткөрүп кой
-6
sanzhar83
2017-11-17 16:14:05
Бул Атанбаев айдан ачык эле кичине баш которгондорду турмого тыгып,жок жерден,эптеп бир илинчек таап алып эле соттотуп атат го,такыр бети жок уялбаган адам экен,Ушунча эл карап турат.Элдин баарын эч нерсе тушунбогон тупой ойлойт окшойт.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан