Актан Рыскелдиев – ууртунан жылмаюу кетпеген тапан жигит. Күлдүрөт, күлөт, айтор, кызыктуу сүйлөйт. Тамашоучу, тамада, “Эл эмне дейт?” долбоорунун сценаристи, резиденти Актан SUPER.KG порталынын түз эфиринде абдан шаңдуу отурду. Бир туруп алпаруучулардан мурун суроолорду өзү окуп шамдагайлыгын көрсөтсө, бир туруп жаңы жазылган ырын ырдап, көрөрмандардын өтүнүчү боюнча чөнтөгүндөгү акчасынан бери санап берип жатты. "Менин 2 эмес, 9 балам бар",- дейт ал.
Кызыктуу маекти “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№785, 17-ноябрь, 2017-жыл) окуй аласыз.