Гезитибиздин социалдык тармактагы расмий баракчасына Аксы районунун Авлетим айылынын тургуну жүрөктүн үшүн алган окуя катталганы тууралуу жазып, бул боюнча биздин иликтеп көрүүбүздү суранган. Ал билдирүүдө: “13-ноябрь түнү кимдир бирөө менин ошол окуя болгон айылда жашаган эжемдин дарбазасын такылдатыптыр. Сыртка чыгып эшикти карашса, эч ким жок экен. Мындай көрүнүш кошуна-колоңдорунукунда да кайталанып, бирок эч кимиси тыкылдаткан адамдарды көрүшкөн эмес. Эртең менен уй сааганга чыкканда гана бир кошунасын кимдир бирөөлөр үйүнө кирип өлтүрүп кеткенин угушуптур. Алар мыкаачылык менен өлтүрүлүптүр. Маркум келиндин эмчектеги баласы тирүү калыптыр”,- деп жазылган.
Бул окуя тууралуу иликтөө материалды “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№785, 17-ноябрь, 2017-жыл) окуй аласыз.