Ош ШИИБи: "Мас абалындагы айдоочу телефону менен милициянын мурдун сындыра чапты"

Ошто телефону менен чаап патрулдук милициянын мурдун сындырып салган мас абалындагы айдоочу кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 17-ноябрда Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын айтуусуна караганда, окуя 17-ноябрга караган түнү болгон.

"Түндө патрулдук милициянын кызматкери жеңил унааны токтоткон. Айдоочу мас абалында болгон, ортодо түшүнбөстүктөр орун алып, жаңжал чыккан. Мас абалындагы айдоочу колундагы телефону менен милиция кызматкерин бетке чаап жиберген. Натыйжада милиция кызматкеринин мурду сынып ооруканага жаткырылган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Мындан тышкары учурда аталган айдоочунун унаасы айып аянтчасына коюлуп, өзү убактылуу кармоочу жайда кармалып турганын, ага 234-берене (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү) менен кылмыш иши козголгонун кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
shankol88
2017-11-17 15:49:16
Эми акчасын соруп алат екен даа...олордун колуна түшкүлүк кылбасын
+13
gute
2017-11-17 16:22:42
Точна мурдун сындыра чааптырбы? Буларын мурдун чиркей чагып кетсе деле больницага жата калышчу эле
+13
barakcha
2017-11-17 16:26:46
Мурду хрусталь го анда булардын?)
+8
Rain000
2017-11-17 16:50:48
Ушуну эле кутуп турган экен да милициянын мурду
+8
almanbetperm
2017-11-17 16:52:22
VIP палатада жатат экенда чиркин мент.
+8
Pandora
2017-11-17 17:44:16
almanbetperm,Вип палатанар эле,кыйраткыдай вип эместип адам аз жатканын эсепке албаса.Анан мындайлар только випте жатышаат
+1
Дарыгер
2017-11-17 17:01:20
Мурдуна карап кетсе керек да жөн эле. Эми бөйрөк, жүрөгү, мээ и Сайкал мээ и да жарыяланат экен да)
+2
Ermekbai
2017-11-17 17:12:32
Телефонго сынган мурун кандай болду экен. Органда иштегендер телефонго эле мурду сынса бандиттерди кандай кармашат уят эле милиция мырза.
+6
AKCAHAT
2017-11-17 17:15:02
Айдоочунун колун жула атыш керек мындайда, толук кандуу укугу бар. Айдоочу мас абалында машина башкарганга кантип дити барды. Ушинтип авария болот бироонун омурун ден соолугун алат. Анан кыргыз кырылып бутмой болду деп ызылдайбыз. Мас абалдагы же уйкусураган айдоочу кылмышкер болот.
+7
Elitta
2017-11-17 20:12:17
AKCAHAT,Сен Москвадасынбы азыр Нарындан болсон эгер аябай тилин буудай куурган кызссын сени тааныйм,Москвада повар бп иштейм деп мактангансын эгер мен ойлогон кыз точна сен болсон
-4
AKCAHAT
2017-11-18 17:52:49
Elitta,кечиресиз мен Оштонмун жа Ош шаарында жашаймын. Бироо мн адаштырып алдыныз.
0
Arsenal93.
2017-11-17 17:18:37
Э гаилерди неге жаман коросунор.ошол мас айдоочу ар биринердин тууганынардын же жакынынардын олумуно себепкер болушу мумкун болчу.Акыркы кездери канча деген жол кырсыктары болуп жатат канча киши олум таап атат ошонун баарына ушуларга окшогондор куноолу.катуурак чара коруш керек буларга
+9
bek_07
2017-11-18 12:46:49
Arsenal93.,красавчик братан
0
Arlenchik
2017-11-17 17:24:43
ГАИ кызматкерин маскаралап табалабагыла абдан туура кылат сооп болуптур тиги ичип алып айдаган айдоочуга, жатып алып акчасынын баарын соруп мурдунун суусун куйултса экен, ичип алып айдагандын балакетин алабы,жалан ушундайлардын айынан кырсыктар коп катталат, алар тоспогондо эмненин ичинен чыгат эле, ырас болуптур.
+15
Pandora
2017-11-17 17:43:20
Каттуу удар менен урган болсо,сынат.Ал жон эле чаап койгон жок,бар кучу менен чапкан.
+8
aman0296
2017-11-17 20:09:50
Айгерим 2 болгонго
+1
bond02
2017-11-17 22:00:53
Нокиа кирпич менен чапкан го.
+2
Ferdews
2017-11-18 15:03:46
bond02,хахаха ошондой го, азыр айфон менен чапбай калыштыго
+1
Nazaralikarakulja
2017-11-18 16:53:34
Милиция ларга кол которгонго эчкимдин акысы жок камаш керек сразу анан тартипти мыйзамды сакташат
+1
AKCAHAT
2017-11-18 17:55:21
Nazaralikarakulja, эгер биздин ушундай милийсага куч корсоткон геройлор европа же америкада болгондо ошерде эле турган жеринде мээсини чачырата атмак, эскертуу бербей туруп эле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан