Бишкекте эки машина сүзүшүп, бири оодарылып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда SUPER.KG порталына Патрулдук милиция башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн саат 13:00 чамасында Бишкек шаарынын Курманжан датка-Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Тойота Калдина үлгүсүндөгү унаа менен Дэу Нексия үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен экинчи унаа оодарылып кеткен. Нексиянын ичиндеги аялды "Тез жардам" алып кеткен. Ал эми айдоочулар эч кандай жаракат алышкан эмес.