16-ноябрдагы Орусиянын Йошкар-Ола–Козьмодемьянск жолунун 64-чакырымында катталган жол кырсыгында каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок. Мындай маалыматты Кыргыздын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Ошондой эле кырсыктан каза болгондордун саны 15ке жеткендиги маалым болду.
"Орусия Федерациясындагы Марий Эл республикасынын ӨКМсынан билдиришкендей, кырсыктан каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, кечээ, 16-ноябрда Орусиянын Йошкар-Ола–Козьмодемьянск жолунун 64-чакырымында саат 17:30 чамаларында 20 кишилик микроавтобус менен жыгач ташып бараткан жүк ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Алгачкы маалыматтарда андан 12 киши каза болгондугу айтылган.