Бүгүн, 17-ноябрда Бишкек шаарында маршруттук таксинин катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Гагарин-Юдахин көчөлөрүнүн кесилишинде маршруттук такси жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн токтой албай калып, каршы тилкеге чыгып кеткен. Жыйынтыгында маңдайынан чыккан Тойота Прогресс үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.
"Натыйжада Тойотанын айдоочусу жана маршруттук таксинин жүргүнчүлөрү жабыр тартып, "Тез жардам" кызматынын кызматкерлери менен ооруканага жеткирилген. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.