Кытайда өрттөн 19 адам каза болуп, 8 адам жабыркады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 19-ноябрда жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Пекин шаарынын Дасин районунда кечээ, 18-ноябрь күнү саат 18:00 чамасында өрт чыккан. Окуя болгон жерге 34 өрт өчүрүүчү унаа барып, 3 саатта өрт толугу менен өчүрүлгөн. Азыркы учурда өрттүн келип чыгышынын себеби такталууда.