Канат Исаевдин сотунда жактоочу 22 күбөнү суракка алуу өтүнүчүн келтирди

Бүгүн, 20-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин ишин кароодо. Анын жүрүшүндө Исаевдин жактоочусу 22 күбөнү суракка алуу өтүнүчүн келтирди.
"Канат Исаев муниципалдык базар, автостанция куруу жана жатакана менен китепкананы менчиктештирүү боюнча айыпталууда. Мен иштин калыс, адилет каралышы үчүн 22 күбөнү суракка алуу өтүнүчүн келтирем. Алардын көрсөтмөсү иш үчүн маанилүү", - деди жактоочу.
Ошондой эле жактоочу күбөлөрдүн арасында муниципалдык базар, автостанция жана менчиктештирүү боюнча чечим кабыл алган шаардык кеңештин 20 депутаты, 2 ишкер бар экенин айтты.
Сот өтүнүчтү канааттандырды.

Айта кетсек, Исаев 2009-жылы Токмок шаарынын мэри болуп турганда 8 гектар жер тилкеси жатаканасы менен бирге 3 миллион 200 миң сомго сатылган. Бирок мамлекет тарабынан түзүлгөн эксперттик топ 2016-жылы экспертиза жүргүзүп, мүлктүн баасын 17 миллион сомдон ашык акчага баалаган.

Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган.

Учурда Канат Исаев УКМКнын тергөө абагында камакта. Бирок жогорудагы кылмыш ишинин негизинде эмес. Тактап айтканда, президенттик шайлоонун алдында Башкы прокуратура Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. 2-октябрда сот Канат Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан