Канат Исаевдин сотунда Токмок шаардык кеңешинин мурдагы депутаты базар куруу чечими кандай кабыл алынганын айтты

Бүгүн, 20-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин ишин кароодо. Анын жүрүшүндө мурдагы Токмок шаардык кеңешинин депутаты Нурлан Кудайбергенов суралды.
"Ошол учурда шаарды муниципалдык базар куруу негизги маселелердин бири болгон. Ал долбоор экономикалык жактан да, шаар тургундары үчүн да пайдалуу болмок. Шаар бюджетине акча түшүп турмак", - деди Кудайбергенов.
Ошондой эле соттук отурумдун жүрүшүндө суралган шаардык кеңештин мурдагы депутаты Мырза Жаманбаев суралып, муниципалдык базарды куруу чечими кандайча кабыл алынганын айтты.
"Ошол учурда шаардык бюджетте акча жок болчу. Анан биз, депутаттар кеңешип, "Токмок инвест групп" муниципалдык ишканасын түзгөнбүз. Бир катар долбоорлорду карап, шаар ичине базар куруу чечимине келдик. Инвестор түшкөн пайданын 70 пайызын, ал эми мэрия 30 пайызын алмак. Базарды куруу үчүн шаардык бюджеттен бир да сом коротулмак эмес", - деди Жаманбаев.
Айта кетсек, Исаев 2009-жылы Токмок шаарынын мэри болуп турганда 8 гектар жер тилкеси жатаканасы менен бирге 3 миллион 200 миң сомго сатылган. Бирок мамлекет тарабынан түзүлгөн эксперттик топ 2016-жылы экспертиза жүргүзүп, мүлктүн баасын 17 миллион сомдон ашык акчага баалаган.

Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган.

Учурда Канат Исаев УКМКнын тергөө абагында камакта. Бирок жогорудагы кылмыш ишинин негизинде эмес. Тактап айтканда, президенттик шайлоонун алдында Башкы прокуратура Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. 2-октябрда сот Канат Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан