Бишкек-Ош жолунда бензовоз кырсыкка кабылып, 40 тонна күйүүчү май төгүлдү (фото)

Бишкек-Ош жолунда бензовоз кырсыкка кабылып, 40 тонна күйүүчү май төгүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда SUPER.KG порталына Патрулдук милиция башкы башкармалыгынан билдиришти.

Патрулдук милициянын маалыматына караганда, кырсык бүгүн саат 09:40 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 403-чакырымында болгон. Анда Бишкектен Ошко бараткан бензовоз жол четиндеги тосмону сүзүп, капталга кулап калган.

"Кырсыктын келип чыгуусуна айдоочунун жол кыймыл эрежесин одоно бузуп, унааны катуу ылдамдыкта айдаганы себеп болгон. Бензовоздун ичиндеги 40 тонна күйүүчү май жолго төгүлгөн. Патрулдук милиция кызматкерлери айдоочулардын коопсуздугу үчүн жолду эки жагынан жабышып, күйүүчү май төгүлгөн жерге кум себишкен. Учурда жол эки тарабынан тең ачык. Ыкчам-тергөө тобу аталган кырсык боюнча иш алып барышууда. Кырсыктан жабыркагандар болгон жок", - деп билдиришти Патрулдук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Isco23
2017-11-20 13:31:52
Кечееле эскертуу бериштиле шопурларга,XXXX кулак шопур окшойт экен. Бактыга жараша жакшы эч ким кырсыктабаптыр
+4
Mirkgz-1990
2017-11-20 13:31:55
Ушу бензовоздорду да катуу козомолго алыш керек женил машина минип алышкандай айдашат
+6
Almazbek81
2017-11-20 13:43:05
Бензовоздордун XXXX бирөө куугандай эле айабай катуу жүрүшөт
+1
nurbekasr
2017-11-20 13:46:26
Ушул бензоводорду жоготуш керек трассадан, Бабанов кетти буларды да жок кылыш керек.Мен көп көрөм фуралар бензовоздор бир колунда ар дайым сотка болот.Ошентип сотка менен сүйлөшүп жатып алакышат да.Кээ бири цистернаны жарым жартылай кылып алып айдаса аңтарылат да.
0
Isco23
2017-11-20 14:30:51
nurbekasr,буларды жок кылсан КРнын туштугу же тундугу нефтисиз калат. Ойлонуп туруп жазсанар
+4
Darika2017
2017-11-20 13:55:42
Оор машиналар, бензовоздор кырсыкка айдоочунун айыбынан учураса айып пул салыш керек.
+2
Krm
2017-11-20 13:56:10
Россияда мыйзам иштейт. Бензовоздор 60 км сааттан катуу айдабайт. Бизде болсо женил машинадан обгон алат бензовоздор.
+5
nurbekasr
2017-11-20 14:04:57
Ошол жерден эле ширенке чагып от коюп жибериш керек эле да.
-10
Isco23
2017-11-20 14:31:43
nurbekasr,бетине эле айтам ойун аябай жаман экен. Рассист эмессиеби
0
gute
2017-11-20 14:20:57
Май жетпей майдын кризиси жакындап баштаса тогуло баштады эми
+3
jbolotov
2017-11-20 14:49:02
Экологияны бузуп бутушмок болду акмактар. Качан ушундай кооптуу жукторго ылдамдык чеги киргизилет? Башка олколордо Ошко окшош алыс жака атайын саат берилет 2кундо жетесин жай айдап уктап деп, андан мурда баргандар иштен кетет .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан