Бишкекте эки кабаттуу турак үйдө чыккан өрт чектөөгө алынды (фото)

Бишкек шаарындагы Зияш Бектенов көчөсүндө жайгашкан 2 кабаттуу турак үйдөн чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык өрт өчүрүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 11:00 чамасында Зияш Бектенов көчөсүнүн №10-үйүнүн чатырында чыккан өрт чектөөгө алынды. Аянты 350 чарчы метрди түзгөн чатырдагы өрттү өчүрүүгө, үйдү жылуулоо үчүн төгүлгөн таарындылар (опилка) тоскоолдук жараткан.

"Турак үйдүн биринчи кабатында адамдар жашаган. Ал эми экинчи кабаты кеңсе болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык жабыр тарткандар жок. Өрттү өчүрүүгө 4 өрт өчүрүүчү унаа тартылган. Өрт эмнеден келип чыккандыгы белгисиз. Учурда өрт чектөөгө алынып, толук өчүрүү иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти өрт өчүрүү кызматынан.

Эскерте кетсек, бүгүн, 20-ноябрда Бишкек шаарындагы Зияш Бектенов жана Максим Горький көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде жайгашкан 2 кабаттуу турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Adil706070
2017-11-20 14:28:55
1-кабаты жарнама агенттиги болчу „Арбуз”деген.эртен менен эле жакшынакай турду эле жаман болуптур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан