Бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап жатат. Анын жүрүшүндө жактоочу Канат Хасанов мамлекеттик айыптоочунун иш боюнча маалыматы жок экенин айтып, аны соттук отурумдан четтетүү боюнча өтүнүч келтирди.
“Прокурор Эрмеков биз сунуштап жаткан өтүнүчтөрдү түшүнүп-түшүнбөй эле четке кагууну сурап жатат. Бул прокурордун бул иштин материалдары боюнча такыр маалыматтары жок экен. Ошондуктан мамлекеттик айыптоочуну иштен четтетүүңүздү сурайм”, - деди Хасанов.
Сот тараптардын пикирин угуп чыгып, кеңешме бөлмөсүнө кирип чыккандан кийин жактоочунун өтүнүчү четке кагылганын айтты.
Белгилей кетсек, 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов ар бири күчөтүлгөн режимдеги 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга карата мүлктөрү конфискацияга алынсын деген прокурорлордун өтүнүчүн да сот канааттандырып, абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынган.
Ал эми 2-октябрда Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.