Бишкекте эки кабаттуу имаратта чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Бишкекте эки кабаттуу имаратта чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт тууралуу маалымат бүгүн саат 11:00 чамасында келип түшкөн. Анда Бишкектин Бектенов көчөсүндөгү эки кабаттуу имаратта өрт чыкканы айтылган. Кырсык болгон жерге алгач 3, кийин 2 өрт өчүрүүчү унаа барган.

Саат 12:19 чамасында өрт чектөөгө алынып, саат 14:23тө толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен имараттын 350 чакырым чатыры күйүп кетти.

Азырынча өрттүн эмнеден улам келип чыкканы такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан