Бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап жатат. Анын жүрүшүндө жактоочу Канат Хасанов буга чейин Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык соту өкүм чыгарууда бир канча маанилүү жагдайларды көз жаздымда калтырганын айтты.
“Соттун өкүмдөрүндө кылмыш иши катталган так дарек көрсөтүлгөн эмес. Текебаев кайсы кызмат ордунда отуруп, кайсы кызмат абалынан пайдаланганын сот көрсөткөн эмес. Чотоновдун кызматтык милдеттерин да сот көмүскөдө калтырган. Мындан тышкары күбө катары көрсөтмө берген Роза Отунбаева, Камчыбек Ташиев, Гүлнара Журабаева, Аида Салянова, Асия Сасыкбаева, Данияр Нарынбаев, Феликс Кулов жана башка 50гө жакын адамдын айткандарына баа берилген эмес”, - деди жактоочу Канат Хасанов.
Мындан тышкары Канат Хасанов кылмыш иши болгон убакыт деп сот 2010-жылдагы май айынан декабрь айына чейинки убакытты көрсөтүп койгонун кошумчалады.
Белгилей кетсек, 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов ар бири күчөтүлгөн режимдеги 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга карата мүлктөрү конфискацияга алынсын деген прокурорлордун өтүнүчүн да сот канааттандырып, абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынган.
2-октябрда Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.