Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы "Казакстанда уурдалган машинаны айдап жүргөн УКМК кызматкери Башкы прокурордун орун басарынын тууганы" деген маалымат боюнча билдирүү таратты. Билдирүүдө УКМК кызматкеринин Башкы прокурордун орун басарына эч кандай тууганчылык жайы жок экени жана уурдалган машина боюнча кандайча сатылганы тууралуу айтылат.
"2017-жылдын 9-июнь күнү Ички иштер министрлигине Кыргыз жараны кайрылып, Лексус-LX570 машинасын жасалма техникалык паспорт менен сатып жиберген Мурат жана Нурик аттуу адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, М.А. жана Т.М. аттуу жарандар кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө машинанын Казакстандан уурдалганы аныкталып, айып жайга токтотулган. Лексус-LX570 үлгүсүндөгү унаасын сатып алган А.А. жана анын УКМКда иштеген агасынын Башкы прокурордун орун басарына эч кандай тууганчылык жайы жок", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Башкы прокуратура ИИМдин Тергөө кызматынын өндүрүшүндө машина уурдоо боюнча 30 кылмыш иши жана өлкөнүн аймагына мыйзамсыз алынып келген 75 машина бар экенин билдирди. Алардын ичинен 27 автоунаа кармалып, ИИМдин айып жайына киргизилген.
Айта кетсек, буга чейин казакстандык маалымат каражаттары Казак жараны Сакен Ахметовго таандык, баасы 65 миң доллар турган Лексус-LX570 унаасы Кыргыз өлкөсүнөн табылганын жазып чыгышкан.
Маалыматта Сакен Ахметовдун унаасынын жаңы ээси Кыргыз жараны А.А. (аял киши) экени жана аны УКМКда иштеген агасы айдап жүргөнү айтылган. Ошондой эле машинаны айдап жүргөн УКМК кызматкеринин Башкы прокурордун орун басарына тууганчылык жайы бар экени да жазылган.