Сузак районунда "10 жашар балага карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди жасаган" деп шектелген жаран 21 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, ишти Сузак райондук соту 28-сентябрда карап, өкүм чыгарган. Ага ылайык, кылмышка шектүү 58 жаштагы П.Г. Кылмыш-жаза кодексинин 130 (Жаш адамга карата жасалган сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) жана 246 (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү), 299-беренелери (Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, жалпы 21 жылга эркинен ажыратылган.
Ошондой эле жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөөсү белгиленип, динге байланыштуу белгилүү бир кызматтарды ээлөө, иш жүргүзүү укугунан ажыратылган.
Аталган өкүм апелляциялык тартипте даттанылган жок жана өкүм 2017-жылдын 9-октябрында күчүнө кирип, аткарууга берилди.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын 18-июнунда милиция кызматкерлерине 10 жашар баланын апасы кайрылып, мечит кызматкери май айынан бери баласын зордуктап жүргөнүн айткан. Мунун негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.