Аламүдүн районунда айдоочу унаасы менен 5 адамды сүзүп кетти. Каза болгон үч адамдын арасында 7 жаштагы бала да бар

Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында айдоочу Тойота Камри үлгүсүндөгү унаасы менен 5 адамды сүзүп алды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда SUPER.KG порталына Патрулдук милиция башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн түштөн кийин саат 15:45 чамасында аталган айылдын Фрунзе жана Центральная көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда 1969-жылы туулган Арашан айылынын тургуну Тойота Камри үлгүсүндөгү унаасы менен 5 адамды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен окуя болгон жерден 1972-жылы туулган аял каза болсо, 30-35 жаштагы аял жана 7 жаштагы бала ооруканада жан берген. Ал эми жабыркагандардын экөө жана айдоочу менен аялы ооруканага жеткирилген.

Учурда аталган кырсык боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
General.kg
2017-11-20 20:16:35
Оо АЛЛАХЫМ бөөдө кырсыктан сактай көр!
+10
ajdaaar
2017-11-20 20:33:15
Мындай айдоочуларды 20-30 жылдан камап, бир омур унаа айдоо укугунан ажыратыш керек...

Ошондо калгандары ойлоно турган болот....
+1
aman0296
2017-11-20 21:56:54
ajdaaar,атайын олтуройун деп сузгон жокта. Бул кырсык. Каш кабактын ортосунда. Сиздин атаныз же жакын тууганыныз бироону сизуп алса 20-30 жыл камалышын каалайт белениз?
0
Matahara1980
2017-11-20 23:53:38
aman0296, Абайлап айдабайбы анан козуно карап, учурбай, 30 жыл емес омур бою камап коюш керек мындай акмак айдоочуларды.
+2
Jyrgal_msk
2017-11-21 03:03:28
aman0296,Козу жокбу,алдыда бараткан адамды кандай корбой калат?Эрежени так сактап,делдендебей жакшы айдаган шопурлар отуз жыл болсо да кырсык болбой эле журотго.
+1
tular
2017-11-21 08:21:41
ajdaaar, Атамбаевдин айылынан экен. Эч нерсе кыла алышпайтго...
+1
Karaan
2017-11-20 20:49:09
Президент, премьер министр иштегилечи оозунарды ачып отура бербей!!!!! Олкодо кандай жакшы Жана жаман болуп жаткан окуяларга силер жооп бересинер Аллахтын алдында¡!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
+7
Pirimkul
2017-11-20 22:07:37
Камаш керек камаш керек эмес окутуш керек биринчиден праваны сатып албай турган кылыш керек. Экинчиден жолду да ондоп тузоп эскертуу знакчокторду коюш керек закон иштебей атат Кыргызстанда тартип деген жок пофиг баарына правила дорожного движенияны билгенен билбегени коп дагы анан даагы умный болуп чыга келишкени кыжырлантат итирендеп чыйгышат жон эле. А ошончо байлыкты топтоп машинаны минип атасын керсейип окуп койда
+3
aman0296
2017-11-20 22:31:25
Pirimkul,50 жаштагы адам сатып алды деп ойлобойм. Копту коруп, копту билип калган эле адам. Ылдамдыкты чектеш керек. Тормазды базса сразу токтобойт да. Праваны сатып алды дебей. Окуп алып, 20-30 жыл стажы барлар деле авария болуп жатат
+1
Jyrgal_msk
2017-11-21 03:12:40
aman0296,Сен машина айдадын беле?Кандай алдыда бараткан адамды корбой калат.50 го чыккан адам опытный болсо населенный пункта акырын айдайт.Тормоз бергенде токтой турган ылдамдыкта журот.Мен 50 метр алдымда жол боюнда эмнелер бар карап айдайм.Жол четинде балдар жолго чыгып иет,мал чуркап иет.Ошого жараша машинаны карап айдайм.Кокус жолго чуркап ийсе,тормозго улгуруп калайын деп...Машинага жаны отуруп,айыл жеринде каттуу айдашат.
+1
Pirimkul
2017-11-20 22:11:00
Кырсык пырсык деп шылтоолобой а ошого адам баласы да озун кармап секин журсо болотко. Бара турган жерине жетпей калганча. Акырын жур абайла жетесин барыбир
0
evra_kg
2017-11-20 22:29:16
Праваны сатып алгандарга чара коруш керек токтотсун эч ким окубай эле сатып алгандар жалан эле Россия туура эле кылат озу
0
Dembele84
2017-11-20 22:34:35
Биринчиден иномарканы минип алып,ошончо адамды олтуро сузуш-бул жол эрежесин одоно бузгандык,ошончо адам жолдун ортосуна туруп албагандыр кокусунан сузуп алгыдай.Экинчиден айдоочу мас или уктап кеткен,учунчудон жолдорду туздоп,коруно турган жол белгилерин коюш керек.69-жылкы киши болсо жаны эле рульга отурган айдоочу болбосо керек.Жана ошол кочодо турган дпс тер акчасын алып эле койо берген учун,эч ким коркпойт,ичип,сайынып алып айдашат,токтотсо акча менен оозуна чабат и ошондон ушундай корунуш.
0
Adylbek001
2017-11-20 22:48:51
кырсыксыз күн болбойт экенда
0
narbek
2017-11-20 23:20:21
Кырылыб бутмой болдук бир чарасын корбосо болбойтко министер мэр не жумуш кылыб атышат депутаттарды айтбай эле койдум кундо уч адам беш адам жол кырсыгынан олуб атат балдар ды мектебке жибергенде коркуб атабыз .
0
Nurmat92
2017-11-20 23:40:54
Ээң биринчи ушул жол эрежесин катуу тартипте караса жакшы болот эле. Күнүгө окуйм, күнүгө жол кырсыгы катталып көптөгөн жараандарыбыз көз жумуп атат. Бизде жол эрежеси жокко эле барабар болуп калды. Дагы айтарым жолдон тез жардам үчүн өзүнчө жол ачып беришсе жакшы болот эле. Жол тыгынынан жетчүү жерине жете албай абдан кыйналышат
0
Azatbek83
2017-11-21 00:20:17
Генерал майор эмне эшек такалап жатабы козомол кылбай иштебей?!
0
rafo80
2017-11-21 00:42:54
Урматтуу Муфтий, урматтуу дин окулдору сиздерге кайрылат элем, акыркы кундору Кыргызстаныбызда аябай коп кырсык болуп жатат. Мумкун мал союп кудай откорсо мындай болбой калат беле
+1
portugalia
2017-11-21 13:02:43
Кыргызстан боюнча жол кудайын откоруш керек.Техникага ишенип жаны чыккыча айдашат.
0
Goodyer
2017-11-21 19:28:58
Бизде тартип жок мындай нерселер боло берет адамдар биринен отуп бири кыйын.кыскасы бардак
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан