Чүй облусунда 3 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция бөлүмүнүн басма сөз катчысы Тилек Исаев билдирди.
Эске салсак, кечээ, 20-ноябрда түштөн кийин саат 15:45 чамасында Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылынын Фрунзе жана Центральная көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу Тойота Камри үлгүсүндөгү унаасы менен 5 адамды сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен окуя болгон жерден 45 жаштагы аял каза болсо, ооруканадан болжол менен 30-35 жаштагы аял жана 7 жаштагы бала жан берген.
“Жогорудагы окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат. Дарыгерлердин болжолдуу айтуусуна караганда кырсыкка себепкер болгон айдоочу мас абалында болгон. Бирок биз дагы кошумча экспертизаларды дайындаганбыз, азырынча алардын жыйынтыгы чыга элек. Азыркы тапта айдоочунун унаасы айып аянтчасына токтотулган, өзү болсо ооруканада дарыланууда. Жабырлануучулардын бири, Бишкек шаарындагы №3-балдар ооруканасында жаткан 12 жаштагы кыздын абалы оор. Ал эми анын апасы да жеңил жаракат алып, дарыгерлер тарабынан медициналык жардам алган соң үйүнө чыгарылган”, - дейт Тилек Исаев.