Жактоочу: "Маевскийдин Текебаевге 1 миллион доллар бергендигинин далили жок"

Жогорку Сотто Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин караган соттук отурум уланууда. Анда жактоочу Канат Хасанов орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин Текебаевге 1 миллион долларды ким аркылуу бергенинин далили табылбаганын билдирди.

"Маевский 1 миллион доллардын 300 миң долларын Текебаевге Талант Маматкеримов аркылуу 700 миң долларын Европа түспөлүндөгү бир адам аркылуу берип жибергенин айтып жатат. Маматкеримов каза болуп калганы үчүн 300 миңди ал аркылуу бергенин билдирүүдө. Ал эми Европа түспөлүндөгү адамдын ким экени белгисиз, сотто көрсөтүлгөн эмес", - деди Хасанов.

Белгилей кетсек, 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов ар бири күчөтүлгөн режимдеги 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга карата мүлктөрү конфискацияга алынсын деген прокурорлордун өтүнүчүн да сот канааттандырып, абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынган.

2-октябрда Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан