Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Соттун соттук коллегиясы "Ата Мекен" партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карады. Отурумда жактоочулардын төмөнкү инстанциядагы соттордун чечими туура эмес кабыл алынгандыгы тууралуу сөздөрүн уккандан кийин соттук коллегия чечим кабыл алуу үчүн кеңешме бөлмөгө кирген. Бир нече убакыттан кийин соттук коллегия Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырганын угузду.
Өкүм күчүндө калтырылганы менен, мунапыстын негиздемеси өзгөртүлүп, мазмуну ошол бойдон калды. Тактап айтканда, өкүмдөгү "2014-жылдын 27-январындагы чыккан “Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына мунапыс жөнүндө мыйзамы" деген сөздөр "2011-жылдын 19-июлундагы “Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” деп алмаштырылды. Райондук соттун өкүмүндө алардын жаза мөөнөтү мунапыс боюнча үчтөн бирге кыскартылган. Тергөө абагындагы өтөгөн жаза мөөнөтү эки күндөн эсептелип, кыскартылган жаза мөөнөтү 4,5 жылды түзөт.
Эске салсак, 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов ар бири күчөтүлгөн режимде 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга карата мүлктөрү конфискацияга алынсын деген прокурорлордун өтүнүчүн да сот канааттандырып, абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынган.
2-октябрда Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.