Ирактын түндүгүндө жайгашкан Туз-Хурмату шаарындагы террордук жардыруудан 24 адам каза таап, 80ге чукул адам жаракат алгандыгын чет өлкөлүк маалымат булактары жазышты. Маалыматка таянсак, окуя кечээ, 21-ноябрда болгон.
Жанкечти жардыргыч заты орнотулган унаасы менен аталган шаардагы азык-түлүк базарына кирип барып жардырууну ишке ашырган.
“Кырсыктын кесепетинен каза тапкандардын саны мындан да өсүшү мүмкүн. Азырынча бир дагы террордук уюм бул жардырууну уюштурганын билдире элек. Окуядан соң өлкөнүн борбору Багдад шаарында коменданттык саат киргизилди”, - деп жазылат маалыматта.