Инисинин өлүмү боюнча Аида Салянова өзүнүн чындыгын айтты. "Жанында болгону 400 сом болгон"

Бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Аида Салянованын киши колдуу болгон иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча Ички иштер министрлиги маалымат берди. Андан соң депутат Аида Салянова атайын убакыт сурап, эл өкүлдөрүнүн алдында билдирүү жасады.

Маркум Улан Салянов"Улан Салянов өзүнүн жеке жашоосунан кооптонгон эмес. Анын жеке душмандары, бизнеси болгон эмес. Кол салуу болгон күнү жанында болгону 400 сом акчасы болгон. Коркунуч болгондо үйүнүн терезелерине темир тор, бийик тосмо, дарбаза, видеобайкоо коймок. Мунун баары анын башка мамилелердин курмандыгы болгонун айтып турат. Ага кол салуу болгондон кийин эле качып чыккан уулу жолдо Прадо үлгүсүндөгү пикапты (жүк ташуучу жол тандабас - ред.) көргөн. Бирок бул унаада милициянын штаттан тышкаркы кызматкери келгенин айтып, эч ким издеп табууга аракет кылган жок. Эгер бул анык болсо, анда башка пикапты издеп табуу керек. Маркумдун уулу унаанын үлгүсүн да көргөн, бирок ал номерин көрө алган эмес.

Бүгүн инимдин өлгөнүнө 17 күн болду. Мен буга чейин кылмышкерлер табылышын күттүм. Бул убакытта кол салууну ким уюштургандыгын, ким буйрутма бериши мүмкүндүгүн анализдегенге аракет кылдым.

Маркум Улан Саляновдун үйүМага ойдон чыгарылган кылмыш иши боюнча соттун чечими чыкканда прокуратура нааразы болуп даттануу берди. Көрсө, мени ойлоп табылган иш менен соттоп гана тим болбостон коомдон четтетмек экен. Ушунча чуулгандуу окуялардан кийин бул иште саясий себеп жок деп ким кепилдик бере алат?

Саясий кызыкчылыктар үчүн адамдын тагдыры менен ойноп, камап, өлтүргөн адамдардан мен жакшылык күтпөйм. Мисал келтирүү үчүн алыска барыштын кереги жок. Кечээ Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевге карата чыгарган чечимин караңыздар. Эгер адамга бирөөнүн эркиндигинен ажыратуу боюнча буйрук берген болсо, демек, андай адамдар киши өлтүрүүгө да буйрук бере алат. Мен эң негизгиси, кылмышкерлер табылышын жана бул иште саясий себеп болбошун каалайт элем. 17 күн болгону менен бул иш ачылган жок. Эгер бул иш саясий болбосо, изи сууй электе ошол күнү эле бети ачылмак.

Улан Саляновду акыркы сапарга узатуу зыйнатыМен бул ишти саясатка байлаганым жок. Бирок бийлик өзү бул иште саясий себеп бар экенин көрсөтүп жатат. Биринчиси - ИИМдин "саясий себеп жок" деген маалыматы, экинчиси -кылмышкерлер келген унааны жашырып жатканы, бардык видеожазуулардын алынышы. Бул деген из жашыруубу? Бүгүн бул ойлорго каршы келген версияны бийлик иштеп таап чыгуусу керек эле, тилекке каршы, далилдер табылган жок.

Урматтуу депутаттар, Кыргыз өлкөсү саясий каракчылардын, талап-тоноочулук мыйзамдашкан жазасыздыктын өлкөсү болуп калбашы керек. Мага чындык керек! Менин бир эле талабым бар, кылмышкерлер табылсын!" - деди Салянова.

Эскерте кетсек, 6-ноябрга караган түнү депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
kechirmeni
2017-11-22 17:06:07
Эми Кудайым сабыр берсин акыры чындык чыркырап чыгаар бир кун келээр, тиги АША тойгузду го каалаганына наам берип шоопур телохранителинен бери берип, аялына да берейин деген экен кой деп коюптур уялып, женебиз тузугуроок экен деп койдум уяты бар. Мен тамашалап жатат го десем чындап бермекке ниети бар экен тооба. https://www.super.kg/kabar/news/210079/
+18
Medinaa
2017-11-22 17:12:52
kechirmeni,Аялына да бериптир го)
-4
ludimira
2017-11-22 17:32:38
Ажыдаардын куйругун Салянованар басып алыптыр да
-8
dina
2017-11-22 17:42:35
Жашоо бумеранг. Атамбаев Текебаевдин, Жолдубаева Салянованын ордуна отурчу кун алыс эмес болгон, жакшы эмес оюн баштап алышты окшойт... КР учун мындай нерсе керек эмес болчу.
+9
Drongo
2017-11-22 17:50:50
Атамбаев акылынан айнып калган го,Илмиянов менен Ниязовго,лично озуно кылган кызматтары учун сыйлап.(Аялымды дагы сыйлайын дегем) деп.Бул адамдар Кыргызстан учун эмне кызмат кылып койду эле?Бул ото эле аша чапкандык.
+14
Ermekbai
2017-11-22 18:02:51
Drongo,Кызматтан кеткиче жакын адамдарын сыйлап калайн дегениго. Беттин калың жерине салып. Айдоочулары элге эмне кызмат кылды дейсиңер......
+10
Ayida
2017-11-22 19:03:01
Акмактар жонокой экен эле Улан байке байкушга орто жолдо кыйын болду. Бирок акыретте аласыз акынызды булардан Улан байке!Жургонунуз БЕЙИШ болсун!
+12
kenjebek_a
2017-11-22 19:34:46
Эгерде СДПКнын бироосу болсо эчак табылмак.Бул жеткен акмакчы́лык.Сыйлык боюнча вазир жакшы хан жакшы дегенге ишенсек, вазирлерине баа берсек анда XXXX сасыган ирин да тазараак экен.
+2
sanzhar83
2017-11-22 19:50:11
Кыскасы бийликке соз жок,жаман куйгузду да,колуман кана эч нерсе келбейт турат даа...
+7
akonia
2017-11-22 21:18:10
Байкуш улан салянов сасык саясаттын курмандыгы болду да бейиши болсун
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан