Кечээ, 21-ноябрь күнү Ноокат РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 1961-жылы туулган С.К. аттуу Ноокат районунун Борбаш айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Ош ОИИББинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча арыз ээси өз арызында 2017-жылдын 18-ноябрь күнү саат 10:30 чамасында 2006-жылы туулган С.А. аттуу небересин Сапар аттуу атуул ур-токмокко алып, денесине залал келтиргендигин жазган.
"Бул боюнча териштирүү иштери жүрүп, төмөнкүлөр аныкталган. Сабалды делген баланын ата-энеси өз ара пикир келишпестиктерден улам эки башка жашап жатышкандыгына байланыштуу чоң атасынын үйүндө жашап жаткан. Ошол күнү таенеси келип, “неберемди алып кетем” дегенине байланыштуу 2 куданын ортосунда пикир келишпестик жаралат. Ошол учурда небереси аларды ажыратуу үчүн чуркап баратып жерге жыгылып кеткен. Натыйжада денесинен алган жаракатынан улам ооруканага кайрылган. Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүүдө”, - дейт Ош ОИИББинин басма сөз кызматкери Жанна Сатарбаева.