Ош-Кара-Суу жолунда үч машина сүзүшүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 22-ноябрь күнү Ош-Кара-Суу жолунун 15-чакырымында болгон. Анда үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 1985-жылы туулган жаран (эркек киши) каза болгон.
"Машиналар айып жайга киргизилди. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти Патрулдук милициядан.