Исаевдин сотунда күбө: "Соттук иштин кесепетинен Токмок шаарынын базарындагы баш аламан 7-8 жылдан бери жоюлбай жатат"

Биринчи Май райондук сотунда депутат Канат Исаевдин кылмыш иши боюнча күбөлөрдүн көрсөтмө берүүсү уланууда. Токмок шаардык кеңештин депутаты Аманбаев күбө катары Исаев Токмок шаарынын мэри болуп турганда борбордук базардын жанындагы 37 сотых жерге соода түйүнүнүн курулушуна уруксат берилиши боюнча көрсөтмө берди. Аманбаев соода түйүнүн куруу шаардыктар үчүн жана мэрия үчүн жакшы чечим болгонун белгиледи.

"Токмок шаарына соода түйүнүн куруу зарылдыгы бар. Биз уруксат берген жер базардын жанында болуп, ал жерге соода түйүнү түшмөк. Ал эми автостанция башка жайга жылдырылмак. Азыр ушул соттук иштин кесепетинен базардын айланасында баш аламандык 7-8 жылдан бери жоюлбай келет. Базардын ичине керек болсо өрт өчүрүү кызматынын унаалары кире албайт. Азыр шаарда 170 маршруттук такси бар болсо, анын ичинен 50 маршрут Бишкек шаарына каттайт. Алардын баары эле базардын жанына токтойт жана тыгынды пайда кылат", - деди Аманбаев.

Аманбаевдин белгилешинче, соода түйүнү курулса шаардын бюджетине жылына 4 миллион сом киреше түшүп турмак.

Исаев 2009-жылы Токмок шаарынын мэри болуп турганда 8 гектар жер тилкеси жатаканасы менен бирге 3 миллион 200 миң сомго сатылганы соттук териштирүүдө айтылган. Бирок мамлекет тарабынан түзүлгөн эксперттик топ 2016-жылы экспертиза жүргүзүп, мүлктүн баасын 17 миллион сомдон ашык акчага баалаганы маалым.

Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган.

Учурда Канат Исаев УКМКнын тергөө абагында камакта. Бирок жогорудагы кылмыш ишинин негизинде эмес. Тактап айтканда, президенттик шайлоонун алдында Башкы прокуратура Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. 2-октябрда сот Канат Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан