Биринчи Май райондук соттун чечими менен күчөтүлгөн режимде 15 жылга эркинен ажыратылган мурдагы депутат Райкан Төлөгөнов жаза мөөнөтүн өтөө үчүн жакынкы күндөрү №47-түзөтүү колониясына киргизилет. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 23-ноябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын катчысы Элеонора Сабатарова билдирди. Анын белгилешинче, Төлөгөнов жазасын жабык режимде аткарат. Учурда ал №1-СИЗОдо.
Буга чейин Төлөгөнов райондук соттун чечими боюнча Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берүүдөн баш тарткан. Жактоочусу Сартбай Жайчыбековдун айтымында, ал шаардык сотко ишенбей турганын билдирип ушундай чечимге келген.
Эскерте кетсек, мындан 1 ай мурун 8 жылга эркинен ажыратылган экс-депутат Өмүрбек Текебаевге да аталган абакта жазасын өтөө чечими чыгарылган.
Маалымдай кетсек, экс-депутат Райкан Төлөгөновдун үстүнөн 2010-жылдагы талап-тоноо фактылары боюнча кылмыш иши козголуп, 2017-жылдын март айында камакка алынган.