Токмок шаарындагы чиркөөнүн жанынан Европа түспөлүндөгү ымыркай табылып, Токмок шаардык төрөт үйүнө жеткирилди. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына бүгүн, 23-ноябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү Нурбек Токтосунов билдирди.
Маалыматка ылайык, ымыркай кечээ, 22-ноябрда саат 17:00дөр чамасында табылган. Шаардагы Охотничья көчөсүнөн жаңы төрөлгөн ымыркайды көргөн жергиликтүү тургундар милицияга кабар беришкен. Чакырылган жерге келген милиция кызматкерлери баланы кароодон өткөрүп, "Тез жардам" кызматына өткөрүп берген.
"Катуу үшүп калган ымыркай дароо Токмок шаардык төрөт үйүнө жеткирилген. Кечээ анын абалы канааттандырарлык болчу, бүгүн абалы жакшы экендигин дарыгерлер билдирди. Ал эми баланы таштап кеткен энесин издөө иштери жүрүп жатат. Дарыгерлер аныктагандай, ымыркай жаңы төрөлгөндөн көп өтпөй эле ташталган", - дейт Токтосунов.
Анда белгиленгендей, табылган ымыркай кыздын салмагы 3 килограмм 400 грамм болгон.
Буга чейин, 14-ноябрда Ош шаарындагы бала бакчанын жанынан жаңы төрөлгөн ымыркай табылгандыгы маалымдалган.