Ушул жылдын июль айында Биринчи Май РИИБине Н.Ш. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Бакыт Камчыбеков аттуу жаранга чара көрүп берүүнү суранган. Мындай маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
"Бакыт Камчыбеков аттуу адам арыз ээсинин ишенимине кирип, анын форд үлгүсүндөгү автоунаасын 80 миң сомго бөлүп төлөө келишими менен сатып алган. Андан кийин шектүү форддун ээсине акчаны бербей туруп, башка бирөөгө унааны сатып жиберген. Алдамчылыкка шектелген 1976-жылкы Бакыт Камчыбековго милиция издөө салып, колго түшүргөн. Анын мурда соттолгондугу аныкталып, ага Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон", - деп жазылат маалыматта.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайда. Ал ушул сыяктуу башка дагы алдамчылык иштерине шектелүүдө. Укук коргоо кызматкерлери жогорудагы жарандан жабыр тартып калгандар болсо, 0550 77 88 78; 0701 51 16 88 телефон номерлерине байланышууну сурайт.