Өткөн жумада Аксы районунун Авлетим айыл аймагында коркунучтуу кылмыш катталган эле. Бул кылмыштын бети ачылып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Кылмышка шектелип Аксы районунун Авлетим айыл өкмөтүнө караштуу Чыгыш-Жол айылынын тургуну, 1988-жылы туулган Б.А. аттуу жаран кармалган. Кылмышка шектүү тергөөдө айтып берген көрсөтмөсүнө караганда жабырлануучу менен 2017-жылдын жай айларында Одноклассники сайтынан таанышып, жолугуп жүргөн.
Бул кылмышка эмне себеп болду? Боюнан алдырбаганы үчүн бейкүнөө 2 адамды өлтүрдүбү? Каргашалуу күндүн болгонуна ишенгиси келбей турган маркумдун туугандарынын билдирүүсүн, кылмышка шектүүнүн көрсөтмөсүн “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№786, 24-ноябрь, 2017-жыл) окуй аласыз.