Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Талды-Булак айыл өкмөтүнүн Каба айылында Кара-Үңкүр деп аталган үңкүр бар. Бул үңкүрдү 17 жылдан бери Төлөн Мамырасулов жубайы жана мектепте окуган кызы менен жашайт. Үңкүргө улап үй-бүлө 2 бөлмө куруп алган. "Бул ыйык жер. Жашоонун кыйынчылыктарынан азап тартып, ичиндеги тилектерин орундатуу үчүн жол издеп ыйык делген ушул жерге адамдар илгери үмүт менен зыяратка келишет", - дейт каарманыбыз.
Электр жарыктын ордун чырак, кошуналардын ордун тоолор толтурган жашоо тууралуу “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№786, 24-ноябрь, 2017-жыл) окуй аласыз.