Токмок шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайды көчөгө таштап кеткен адамдар табыла элек. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 121-беренесине ылайык ("Кишини коркунуч абалында калтыруу") кылмыш иши козголду. Учурда шаардагы чиркөөгө жакын жерге ташталган европа түспөлүндөгү жаңы төрөлгөн ымыркайдын ата-энесин издөө иштери уланып жатат. Табылган кыз азыркы тапта Токмок шаардык балдар ооруканасында дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Эске салсак, ымыркай 22-ноябрда саат 17:00дөр чамасында табылган. Шаардагы Охотничья көчөсүнөн жаңы төрөлгөн ымыркайды көргөн жергиликтүү тургундар милицияга кабар беришкен. Табылган ымыркай кыздын салмагы 3 килограмм 400 грамм болгон.