Грузияда мейманканадан чыккан өрттөн 11 адам каза таап 21 адам жабыркады

Грузиянын Батуми шаарындагы "Лео Гранд" мейманканасынан чыккан өрттөн 11 адам каза таап, 21 адам жабыркады. Бул тууралуу Грузиянын басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, өрт кечээ, 24-ноябрда жергиликтүү саат менен 20:00дөр чамасында башталган.

Өрт мейманкананын 4-кабатынан чыгып, жогорку кабаттагы адамдар өрт шатысынын жоктугуна байланыштуу өйдө жакта камалып калышкан. Өрт болгон жерге келген куткаруучулар каза болгон адамдардан тышкары 100дөй адамды куткарып калышкан.

Ошондой эле маалыматта өрттөн жабыркагандардын арасында Иран, Израиль жана Түркиянын да жарандары бар экени айтылат.

Андан сырткары Грузиянын ЖМКлары өлкө президенти Георгий Маргвелашвили бул тилсиз жоодон каза тапкандардын жакындарына көңүл айтса, Грузиянын ички иштер министри Георгий Гахария өрттүн чыгуусуна жоопкер адамдарды мыйзам чегинде катуу жазага тартууга убада бергенин жазышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан