Абакта отурган 41 жаран жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого катышуу укугуна ээ болушту

Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоого катышууга ЖАМКнын жана УМККнын абагында отурган 41 адам укук алышты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Белгилүү болгондой, КРнын "Шайлоо жөнүндө" мыйзамына ылайык, тергөө абагында отурган жарандар шайлоо укугуна ээ. БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун айтымында, учурда алардын добуш берүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүп берүү тапшырмасы берилди. Абакта отурган бул шайлоочулар отурган имаратынан сырткары жерде добуш беришет.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан