Ошто футбол талаасынан чыккан жаңжалдын аягы кабыргага сайылган бычак менен аяктады

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Чапаев айылындагы футбол талаасында чыккан жаңжалдын аягы кабыргага сайылган бычак менен аяктады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 25-ноябрда Ош ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.

"Жергиликтүү тургундар айылдагы стадиондо футбол ойноп жатып, эки баланын ортосунда пикир келишпестик жаралган. Ал жаңжалдын натыйжасында 23 жаштагы Х.А. аттуу жаран аны менен бир командада ойноп жаткан 20 жаштагы Б. уулу А. аттуу жаранды бычак менен сайып салган. Ал милиция кызматкерлерине бычак менен атайын сайбагандыгын, алардын жаңжалынан тегерегине көп адам чогулганда аны сабап салышабы деп коркуп кетип сайып алгандыгын айткан. Аталган бычакты Х.А. талаадан таап алыптыр. Бычак кичинекей болгондуктан жабырлануучу катуу жаракат алган эмес. Эки жаран тең арыз жазуудан баш тарткан. Мындан улам кылмыш иши козголгон эмес", - деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Ermekbai
2017-11-25 18:51:07
Ноокатта
+2
gute
2017-11-25 18:55:15
Ушундай Кыргызчылык сапатыбызды токтотушубуз керек. Куноолулор жазасын алыш керек. Эгерде бычак чон болуп калганда бала олуп калмакта
+17
FIFA17
2017-11-25 18:59:07
Сайган Х.А деген чото жеендерден эмеспи деймда? аты Х тамгадан башталганына караганда).
+27
Rifle_I
2017-11-25 19:36:45
FIFA17,чото жээн .хахаха
+5
arzygulR
2017-11-26 04:38:00
Rifle_I,эки маанисин тушундум
кайсынысы болуп калат??
-4
Tyty1990
2017-11-26 07:57:37
arzygulR, Хайрулло Асамов
0
Nazaralikarakulja
2017-11-25 18:59:22
Охоо илгерки баатырлардай эле болуптур да бычакты тоготбой элдешип алганы жакшы
+9
shankol88
2017-11-25 19:44:18
Акчадан ташаганда Х болушунча Х байдын баласы болсо керекда..."Озу кыйшык болсода,Байдын уулу сүйлөсүн"...
+6
Rasul94
2017-11-26 07:37:16
оюнга бычак салып алган шумдугун кургурлар
+2
tursunbaev78
2017-11-27 03:58:15
Факты боюнча кылмыш иши козголуш керек эле мыйзам боюнча,бизде мыйзам иштебейтта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан