Египеттеги мечитте уюштурулган теракттан каза болгондордун саны 305ке жетти. Бул тууралуу кечээ, 25-ноябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, каза болгондордон сырткары жаракат алгандардын саны 128.
Эске салсак, окуя 24-ноябрда Түндүк Синайдын борбору Эль-Аришке жакын жайгашкан Эр-Рауд калктуу пунктундагы мечиттердин биринде болгон. Анда уюшкан топ жума күнкү намазга келген адамдар бар мечитти жолтандабас унаалар менен курчоого алып, намаз окуп жаткандардын арасына кирип келишип, жарылуучу заттарды ташташкан. Мындан соң унаадан адамдарды көздөй баш аламан ок ата башташкан. Ошондой эле маалыматта жабыркагандарга биринчи жардамдарды көрсөтүү үчүн келген "Тез жардам" кызматынын унааларын да аткылашкандыгы айтылат.