Бишкек-Торугарт жолундагы Кубакы ашуусунда жеңил машина сууга кулап, 4 адам каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 26-ноябрда SUPER.KG порталына Патрулдук милиция башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык бүгүн Бишкек-Торугарт жолунун 169-чакырымында Кубакы ашуусунан түшө берген жерде болгон. Анда айдоочу Тойота Карина үлгүсүндөгү машинаны башкара албай калып, унаа жолдон чыгып, көпүрөдөн сууга түшүп кеткен.
Анын кесепетинен 1964-жылы туулган Ж.М. аттуу айдоочу, 1964-жылы туулган Т.Д. (аял киши), 1990-жылы туулган М.К. (аял киши) жана 2017-жылы төрөлгөн кыз каза болгон. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.