25-ноябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештерди шайлоого улуу британиялык 2 байкоочу көзөмөлдүк кылат
25-ноябрда өтчү жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого байкоочу катары улуу британиялык 2 адам аккредиттөөдөн өттү. Мындай чечим бүгүн БШКда кабыл алынды. Чет элдик байкоочулар - "Чыгыш-Батыш" борборунун өкүлдөрү Пол Стивен Спенсер жана Пирт Ашер Кристофер Жон. Мындан сырткары Жайыл, Сүлүктү, Тоң, Түп, Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди.