Талас. Талас эли премьерден оң рулдуу автоунаалардын ишмердүүлүгүнө тыюу салууну өтүнүштү

Премьер-министр Ж.Сатыбалдиевдин 16-17-ноябрда Талас облусуна болгон иш сапарында облустун жашоочулары өкмөттөн Кыргызстандагы оң рулдуу жеңил автоунаалардын ишмердүүлүктөрүнө кысым коюу маселесин карап чыгууну суранышты. Жергиликтүү калктын айтымында, дал ошол оң рулдуу жеңил авто- унаалар жолдогу кырсыктарды жаратышууда. КРнын 16-ноябрдагы “Автомобилдик транспорт жөнүндөгү” мыйзамы боюнча парламенттик кароодо депутат Н.Молдобаев өлкөгө 2013-жылдын январь айынан тарта оң рулдуу автоунааларды алып кирүүгө тыюу салууну сунуштады. Бул пикирге менчик автоунаалуу айдоочулар жана автоташуучулар ассоциациясынын төрагасы Батырбек Дууланов да кошулуп, азыркы мезгилде оң рулдуу Минивен үлгүсүндөгү автаунаалар Талас-Бишкек каттамы боюнча атайын документтери жок эле адамдарды ташып жатканын билдирип өттү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан