“Каршылашымды жыккан соң эле тура калып, машыктыруучумду издеп, өлкөбүздүн туусун сурайм. Желегибизди желбиретип, килемди айланып чуркоо – бул жеңиштин ырахаты!” Ушул жылы Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн Жабык имараттагы V Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча алтын медалды жеңип алган жаш балбаныбыз Калы Сулайманов жеңиштин даамын ушинтип сүрөттөйт. “Мен үчүн Дүйнө чемпиону болуу Өлкө чемпиону болуудан жеңилирээк”, - дейт ал.
Олимпиада чемпиону болууну максат кылган спортчубуз тууралуу кеңири маекти “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№787, 1-декабрь, 2017-жыл) окуй аласыз.