Кыргыз эстрадасы жандангандан тарта ырчылар өз мезгилине жараша клип тартып башташкан. Ал учурдагы клиптерде сюжет, курч окуя сүрөттөлбөгөнү менен, азыркы күнгө чейин баалуулугун жоготпой келет. Алина Жетигенова: “Кыздын сыры” клибине тарткан машина ошол кезде эң “крутой” болчу”. Сюжетин досум Мерген Турган экөөбүз ойлоп тапканбыз”, - дейт.
Бир кездери шлягер болгон Асел Турдалиеванын “Ак чөлмөк”, Мерген Тургандын “Ак бантик”, Клара Алибекованын "Классташым", Алина Жетигенованын “Кыздын сыры” ырына тартылган ретро-клиптердин тарыхын “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№788, 8-декабрь, 2017-жыл) окуй аласыз.