Кыргыз маданияты орду толгус оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Марат Козукеев 8-декабрда 47 жашында инфарктан каза болду. Маркумдун артында 2 кыз, 1 уул калды. Актёрдун жубайы Айсалкын Кыйыкбаева: “Маратка дары берип жаткырсам 2 жолу терең дем алды да, түбөлүк уйкуга кете берди”, - дейт.
Элдин уулуна айланган инсан тууралуу эскерүү материалды “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№789, 15-декабрь, 2017-жыл) окуй аласыз.