Ысык-Көлдө кошуналардын урушу өлүм менен аяктады. Маркумдун жубайы: “Кошунам күйөөмдү бычактап жатканда уулум жанында болуптур”

Ушул жылдын 28-сентябрында болгон каргаша Сыртбек Искаковдун 7 баласын жетим калтырды. Улуу баласы эми гана 8-класска барса, кичүүсүнүн төрөлгөнүнө болгону 2 ай болгон. Үй-бүлөнү жалгыз багып келген атанын каза болуп калганы бул үй-бүлөнүн абалын оорлоштурду. Учурда маркумдун жубайы чиедей 7 баласы менен 2 бөлмөлүү батирде күн кечирүүдө.

“Жолдошума бычак сайган Нурлан, Нуржигит дегендер биздин кошуналар болот. Окуя болгон учурда балам атасынын жанында болгондуктан аны кантип өлтүргөнүн айтып берип жатат”, - дейт маркумдун жубайы Самара Бактыгул кызы.

Окуянын чоо-жайын “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№790, 22-декабрь, 2017-жыл) окуй аласыз.


кошулду
"Супер-Инфо" гезитинин №790-жаңы санында...
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан