Ырчы Омардын Казакстанда өткөн “Silk Way Star” (“Жибек жолунун жылдыздары”) музыкалык сынагында 1-орунду алганы учурда көпчүлүк мекендештерди сыймыктандырып жаткан кез. Окуяны көз жаздымда калтырбай ырчыны SUPER.KG порталы “Түз эфирге” чакырды. Омарды куттуктап, кубаттап, батасын берип, атүгүл “мени экинчи аял кылып алыңыз” деп суранган күйөрмандары болду.
"Сынактагы жеңишим түйшүктүү болду, көп эмгекти талап кылды. “Жаңы толкунда” 18 жашта болуп абдан коркком, ал эми Казакстандагы сынакта толкундандым. Балким, сынактан жеңилсем депрессияга түшүп кетмекмин", - дейт ырчы.
Маекти “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№790, 22-декабрь, 2017-жыл) окуй аласыз.