Үй-бүлө мүчөлөрү баары тең музыкант, баары тең атактуу. Каарманыбыз Аслан Исабаев "Камбаркан" ансамблинин негиздөөчүсү Чалагыз Исабаев менен комузчу Самара Токтакунованын тун уулу. Аслан мырза маегинде иниси Актан менен сыймыктанарын да баса белгиледи.
"Америкада бир күн жумушка чыкпай койсоң кадимкидей жашоо-шартыңа таасир этет. Кыргызстандагыдай аке-жакелеп, тааныштыкка салып бүтүрүүгө болбойт. Тартип катуу, мыйзам катуу, ошон үчүн иштеш керек", - дейт ал.
Учурда АКШда жашап, иштеп жаткан скрипкачы Аслан мырзанын маегин “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№790, 22-декабрь, 2017-жыл) окуй аласыз.