Бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Рыскелди Момбеков (КСДП) акыркы учурда коомчулуктун талкуусунда болуп жаткан окуяларга кайрылды. Депутат улуттун кадыр-баркына доо кетирген окуяларга укуктук баа берилбей жатканын айтып, укук коргоо органдарын бул окуяларга көңүл бурууга чакырды.
"Эскирип бараткан жылдын этегинде кылым карыткан кыргыздын улуттук байлыгы болгон калпакты итке кийгиздик. Кыргыз фашисттик Германиянын улутчулдарынын формасын кийди. Даректеп айтканда, итти кыргыз кылдык, кыргызды ит кылдык. Өткөндө Кара-Балтада каргалар өлгөндө айкырып, илимпоздорго иликтетип, ачкадан өлдүбү деп ашказанын, ууландыбы деп өпкөсүн ачып корутунду чыгардык. Каргага кайгырган кыргыздар кадырыбызга качан кайгырабыз? Карганы эстеген кыргыз, калпакты качан эстейбиз?
Эмне үчүн УКМК унчукпай, башкы прокурор баа бере албай отурат? Ошолордун иши ушулбу? Эң актуалдуу маселе ушул болууда. Мамлекеттин кадыр-баркын, ар-намысын Башкы прокуратура, УКМК коргошу керек. “24 кг”, “Заноза” жана башка маалымат каражаттарын, журналисттерди президенттин кадыр-баркына шек келтирди деп миллиондогон айыпка жыкпадыңарбы? Кыргыздын кадыр-баркы каргадан да төмөн болуп кеттиби? Эмне үчүн унчукпай отурушат. Эртең калпакты чочкого кийгизет, тууну мышыкка жоолук кылып салат, гербди эшекке ээр токум кылат”, - деди Момбеков.
Эске салсак, 22-декабрда Бишкектеги соода борборлорунун биринде итине калпак кийгизип иттердин көргөзмөсүнө катышкан кыз интернетте кызуу талкууга алынган.