Бишкек шаарында 38 жаштагы жаранды ажырашып кеткен аялы мурунку күйөөсү менен чогуу өлтүрүп, талаага таштап салышкан деп айыпталышууда. Таалай Адыгаевдин сөөгү 1 жылдан соң табылып, дагы 1 жылдан кийин гана ким экендиги аныкталган. Маркумдун агасы Бакыт Адыгаев: “Бир жылдан ашык жатып калган инимдин сөөгү ит-кушка жем болуптур. Жаагынын асты, анан сол буту тизеден ылдый жок экен”, - дейт.
Алардын мындай жолго барышына эмне себеп болгон? Каргашалуу окуя тууралуу иликтөө материалды “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№791, 29-декабрь, 2017-жыл) окуй аласыз.